Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:14

Журналистке акча жыйноо акциясы уланууда


Оштун борбордук базарындагы IsmanLife акциясы. 25-январь, 2015-жыл.
Оштун борбордук базарындагы IsmanLife акциясы. 25-январь, 2015-жыл.

Журналист Исманали Муратовдун операциясы үчүн IsmanLife же “Исманга өмүр тартуула” акциясы 1-февраль күнү Ош шаардык мал базарында жана “Кудайберген” тетик базарында уланып, 44 миң сом чогулду. Бул ирет журналисттин достору акцияга “Маша жана аюу” мультфильминдеги каармандардын образында чыгышып, соодагерлерге жана алармандарга таттууларды сатышты.

"Марал FM" радиосунун Оштогу кабарчысы Исманали Муратов альвеококкоз дартына чалдыгып, боорунун жарымын алдырган. Толук сакайышы үчүн чет элден операция жасатууга 80 миң доллар керек болууда.

Исманалинин достору буга чейин Ош шаарынын «Жапалак» унаа базарында кофе, чай, токоч сатып, кийин шаардагы борбордук жана "Келечек" базарларында аккардеон менен ырдап, акча чогултушкан. Мечиттерге да атайын жардам кутулары орнотулган. Жакында "Элим барсыңбы?" коомдук бирикмеси менен биргеликте Ошто жана Бишкекте кайрымдуулук концерти уюштурулмакчы. Учурда жалпысынан 17 миң доллардай каражат топтолду.

Исманалинин банктын эсеби:

KICB BANK Муратов Исманали,

KGS 1280116013081812, USD1280116013258331, RUB1280116016359196

2015 кыска номерине "Билайн" оператору аркылуу Ысман деп SMS жазсаңыз, 25 сом которулат. (ErN)

XS
SM
MD
LG