Иран Ислам Республикасы менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык, социалдык жана маданий мамилелер жөнүндө журналисттерге кеңири маалымат берилет. Жыйын бүгүн Ирандын Бишкектеги элчилигинде өтөт.
Өткөн жумада Ирандын мыйзам чыгаруу органы – Межлистин депутаттары Кыргызстанга иш сапар менен келип, эки тараптуу кызматташууларды талкуулашкан. Сүйлөшүүлөрдүн негизин экономикалык кызматташтыкты жандантуу маселеси түзгөн. (SE)