Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:28

Ала-Букадагы мушташка байланыштуу төрт бала кармалды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы калайман мушташка байланыштуу төрт бала кармалды. Бул тууралуу аталган райондун Ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Баатыр Култаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 1-февралда Ала-Бука борборунун жаштары Жой-Белең айылындагы окуучуну уруп, натыйжада тополоң чыккан. Окуяда эки машина талкаланды. Эки киши жараат алып, ооруканага жатты. Факт боюнча кылмыш иши козголду. (КЕ)

​
XS
SM
MD
LG