Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:12

Таласта электр баасына каршы митинг өттү


Митингди уюштурган “Талас эл ынтымагы” кыймылынын төрагасы Серен Шейшеновдун бүгүн "Азаттыкка" билдиришинче, 1-февралда 100дөн ашуун киши электр энергиясына тарифтин кескин кымбатташына нааразылыгын билдиришти. Ошондой эле Таластагы алтын кендерин казууга мораторий жарыялоону, төө буурчак маселесин чечип берүүнү жана энергетика тармагын дыкат анализдеп, бааны арзандатууну бийликтен суранышты. Митинг соңунда каралган маселелер боюнча резолюция кабыл алынып, талаптар жергиликтүү жана борбордук бийликке жөнөтүлдү. Шейшенов митинг өткөрүүгө жергиликтүү бийлик тоскоолдук кылганын, тынч митинг өткөрүү укуктары бузулуп жатканын кошумчалады.

Талас шаарынын мэри Анарбек Кушубаков болсо "Азаттыкка" митингге жүз чакты киши келгенин айтып, аны өткөрүүгө жергиликтүү бийлик тарабынан эч кандай тоскоолдук болбогонун билдирди.

Буга чейин тариф маселесине байланыштуу Нарын шаарында, Токтогул районунда да митинг өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG