Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:55

Ош аэропортундагы карактоого он киши шектелүүдө


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчисчи Мирлан Каниметов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, кылмышка шектүү катары он киши аныкталып, төртөө кармалды. Алардын бирөө Баткен облусунун мурда соттолгон тургуну болуп чыкты. Тинтүү маалында анын үйүнөн Калишников автоматы, Макаров тапанчасы жана миң долларга жакын акча табылган. Калгандарына издөө жарыяланды.

Ош аба майданында 27-декабрда ири суммадагы акча каракталган. Беткапчан, куралчан, “спецназ” деген жазуусу бар кара кийим кийген беш адам Ош-Үрүмчү каттамына түшмөкчү болуп, VIP залда отурган адамдарды карактап кеткен. Акчанын суммасы 5 миллион доллардан ашык экени айтылган болчу. Кийинчерээк 13 миллион доллар каракталганы маалым болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG