Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

Бээжинде Индиянын ШКУга кошулуу арызы талкууланат


Бүгүн Бээжинде Кытай, Орусия, Индиянын тышкы иштер министрлери Ван И, Сергей Лавров жана Сушма Свараж жолугушат. Анын алдында Лавров жана Свараж жолугушту. Орусиянын тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, кездешүүдө Азия-Тынч океан аймагы, дүйнөлүк коопсуздук, анын ичинде Сирия, Ирак, Украинадагы кырдаал, “Ислам мамлекети” тобунун коркунучу тууралуу пикир алмашат. Андан тышкары үч министр Индиянын Шанхай кызматташуу уюмуна кошулуу жөнүндөгү арызы талкууланат. Индиянын береги уюмга кошулуу ыкласын Москва жана Бээжин колдогон.

Азыр уюмга Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан мүчө.

XS
SM
MD
LG