Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:10

Австралиялык журналист Питер Грист абактан чыгарылды


Австралиялык журналист Питер Грист 1-февралда Египетте абактан бошотулуп, Кипрге учуп кеткенин “ал-Жазира” телеканалы кабарлады. Грист “ал-Жазирада” иштеген кесиптештери Мухамед Фахми жана Бахир Мухамед менен 2013-жылы исламчыл президент Мухамед Мурси бийликтен кулатылгандан кийин тыйуу салынган “Мусулман агайиндер” кыймылынын пайдасына жалган маалымат тараткан деп айыпталган. Сот 2013-жылы декабрда Грист жана Фахмини 7 жылга, Мухамедди 10 жылга кескен. Алар өздөрүн акпыз деп жалган жалаага жыгылганын айтып чыгышкан.

“Ал-Жазира” абактагы эки журналист да бошотулмайын “тынчып калбасын” билдирди. Мухамед Фахмиде Египеттин жана Канаданын жарандыгы бар. Бахир Мухамед Египеттин жараны.

XS
SM
MD
LG