Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:07

2014: жарандарды Сирияга азгырган 86 факт катталды


Cирияда чабуулга кабылган автобус, 01.02.2015
Cирияда чабуулга кабылган автобус, 01.02.2015

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин 10-Башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев билдирди. Анын айтымында, 2014-жылы жалдоо, согушка алып кетүү жана чыр-чатактуу аймакка азгыруу боюнча 86 факты аныкталган. Алардын 23нө кылмыш иши козголуп, алтоо мурдагы козголгон кылмыш иштерге бириктирилген. Калгандары боюнча тергөө, иликтөө иштери жүрүүдө.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын 188 жараны Сирия, Ооганстан жана Пакистандагы чыр-чатактарга катышууга азгырылган. Согуш болгон аймактарга алданып кеткен 24 аялдын бешөө Кыргызстанга кайтып келген.

Мамбеталиевдин буга чейин билдиргени боюнча Сирияга кетүүгө төрт багыт боюнча каналдар аныкталган. Алар: Кыргызстан-Түркия-Сирия, Орусия-Түркия-Сирия, Украина-Түркия-Сирия жана Грузия-Түркия-Сирия. (КЕ)

XS
SM
MD
LG