Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:53

Украинанын чыгышында жикчилдер 100 миң адамды аскерге чакырат


Украин армиясынын жоокерлери Донецк аймагында
Украин армиясынын жоокерлери Донецк аймагында

Украинанын чыгышындагы Донецк облусунда 11 күндөн кийин жалпы элдик мобилизация жарыяланып, 100 миң адам аскерге чакырылат. Бул жөнүндө орусиячыл жикчилдердин лидери Александр Захарченко 2-февралда жарыялады.

Январда украин парламенти быйыл 100 миңдей жоокерди аскерге чакыруу планын бекиткен.

Соңку 24 саатта жикчилердин көзөмөлүндөгү Донецк жана Луганск облустарында орусиячыл козголоңчулар менен болгон салгылашууда беш аскер өлүп, 29 жоокер жарадар болгонун расмий Киев билдирди. Жикчилдер акыркы бир күндө 11 жаран курман болгонун билдирип, жарандардын өлүмү үчүн өкмөттүк күчтөрдү күнөөлөштү.

Апрелден бери Украинанын чыгышындагы чатакта 5 миңден көп адам өлдү.

XS
SM
MD
LG