Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Пакистан жаңы ракетаны сыноодон өткөрдү


Пакистан Hatf IX (NASR) ракетасын сыноодон өткөрүүдө. 26-сентябрь, 2014-жыл.
Пакистан Hatf IX (NASR) ракетасын сыноодон өткөрүүдө. 26-сентябрь, 2014-жыл.

Пакистан армиясынын билдиришинче, ядролук бомба менен дүрмөттөлчү “Раад” ракетасы 350 чакырымга чейин жетет жана учуп баратканда багытын өзгөртө алат. “Саналуу гана өлкөлөрдө бар канаттуу ракета”, 2-февралда ырасмий маалымдалгандай, “Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн жердеги жана деңиздеги стратегиялык мүмкүнчүлүгүн жакшырат”.

Эки күн мурда Индия узак аралыкка жетүүчү баллистикалык ракетаны ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн, ракета көчүп жүрмө жабдуудан атылганын жарыя кылган.

Пакистан жана Индия 1998-жылы ядролук куралдарды сынашкан. Коңшу эки мамлекет ортодогу Кашмир аймагы үчүн эки мертебе согушкан.

XS
SM
MD
LG