Президент Барак Обама АКШ Конгрессине 2016- финансылык жылдын бюджетинин долбоорун жөнөттү. 4 триллион долларлык планда бай америкалыктар жана корпорациялар төлөчү салыкты, ошондой эле ички чыгымды көбөйтүү каралган.
Обаманын кеңсесинин айтымында, бюджеттин максаты элдин орто катмарын бекемдөө жана катаал экономикалык жана технологиялык өзгөрүүлөр кезде эмгекчил үй-бүлөлөргө көмөктөшүү.
Долбоордо Обама “Өлкөдөгү абал жөнүндө” январда жасаган докладда камтылган маселелер, анын ичинде өтө байлар менен жарандар арасындагы ажырымды кыскартууга көңүл бурулган.
Бюджет боюнча Ак үй менен Конгресстин эки палатасын көзөмөлдөгөн республикачылар арасында катуу күрөш болору боолголонууда.