Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

Москвада мигранттарды алдагандар көбөйдү


Москвадагы эмгек мигранты
Москвадагы эмгек мигранты

Орусияда жаңы система киргенден бери патент жасатып берем деп мигранттарды алдагандар арбыды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы расмий өкүлү Аскат Алиев маалымдады. «15 күндө жаңы патент жасап берем, же «кара тизмеден» чыгарам деп акчаларын алып, алдап кеткен ортомчу шылуундар тууралуу арыздар көбөйдү. Алар учурда Орусияда жаңы ишке кирген патент системасы жөнүндө көпчүлүк мигранттарда жетиштүү маалымат жоктугунан дагы пайланышууда», - дейт подполковник Алиев.

ИИМдин өкүлү 2015-жылдын январь айында кайрылган кыргызстандык жарандардын 90% алданып калганы боюнча арыз жазышканын “Азаттыкка” билдирди. (LaT)

XS
SM
MD
LG