Украина чыгышындагы жикчилдер 10 күндөн кийин катарына 100 миң аскер кошуларын жарыялашты. Бул тууралуу орусиячыл жикчилдердин лидери Александр Захарченко 2-февралда билдирди.
Украинанын улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин өкүлү Андрей Лысенко бул жарыя жикчилдердин катары суюлуп, адамдары жетишпей жатканын көрсөтөрүн айтты:
- Биз бул маалыматты текшеребиз. Бирок бул билдирүү козголоңчуларда адамы аз калганын жана акыркы күндөрү биздин аскерлер ийгиликтүү кармап турган Дебальцево шаарын алууга жарамсыздыгын күбөлөйт,- деди Лысенко.
Январда Украина парламенти да быйыл 100 миңдей жоокерди аскерге чакыруу планын бекиткен болчу.
Апрелден бери Украинанын чыгышындагы чатакта 5 100дөн көп адам өлдү.