Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

КСДПнын жаштар канаты депутат Салимовго каршы кайрылуу жасады


Турсунтай Салимов.
Турсунтай Салимов.

Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Турсунтай Салимовго таандык “Прадо” көңүл ачуучу борборунан сойкукана табылганына байланыштуу партиянын жаштар канаты бийликтин бардык бутактарына, партия жетекчилигине жана саясий кеңешине кайрылуу жасады. Анда Салимовдун парламентте иштешине моралдык укугу жоктугу, иликтөө бүткөнгө чейин мандатын тапшырышы зарыл экени жазылат. Күнөөсү далилденсе, КСДПнын мүчөлүгүнөн чыгышы керектиги да белгиленген.

Милиция Жогорку Кеңеш депутаты Турсунтай Салимовго таандык делген оюн-зоок жайда жашыруун сойкукана иштеп жатканын өткөн жумада аныктаган. Депутат ал жерди башка бирөө ижарага алып колдонуп жүргөнүн билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG