Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

“Азаттыктын” кабарчысы ТҮРКСОЙ сыйлыгына көрсөтүлдү


Зайырбек Ажыматов.
Зайырбек Ажыматов.

Эл аралык маданий ТҮРКСОЙ уюму басма сөз айдыңында ийгилик жараткандарга кезектеги сыйлыкты 24-февраль күнү Анкара шаарында тапшырат. Бул ирет Кыргызстандан сыйлыкка 3 киши татыктуу болгонун уюмдун өкүлү Кожогелди Кулуев билдирди. Алар - «Эркин Тоо» гезитинин маданият бөлүмүнүн башчысы Карбалас Бакиров, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын режиссеру Айнура Алдашева жана «Азаттык» радиосунун кабарчысы Зайырбек Ажыматов.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жарандарына берилчү ТҮРКСОЙдун басма сөз багытындагы сыйлыгына буга чейин Тынчтыкбек Чоротегин, Түгөлбай Казаков жана башкалар ээ болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG