Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришинче, Кара-Суу районунун Савай айылынын 25 жаштагы А.Х аттуу жараны Сирияда согуштук аракеттерге катышып жүрүп каза тапканы белгилүү болду. Аны ошол эле карасуулук А.Т аттуу аталаш тууганы үгүттөп алып кеткен. "Жабхат ан-Нусра" террористтик уюмунун мүчөсү катары Сирияда согуштук аракеттерге катышып жүргөн бул адамдын азыр дагы канча адамды үгүттөп алып кеткени тууралуу маалыматтар такталып жатат. Ушул тапта Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын кызматкерлери Ошто кыргыз жарандарын Сирияга үгүттөп, азгыруу боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Сириядагы согуштук аракеттерге кыргызстандык 200дөн ашуун киши катышып жүрөт. Алардын 30у аялдар. Бул күнгө чейин Сирияда 22 кыргызстандык жаран каза болгону кабарланган. (AzK)