Бул туурасында коомдук тартипти сактоо маселелерине арналган форумда айтылды. Ички иштер министрлиги тарабынан уюштурулган форумда кылмыштардын алдын алуу үчүн милиция, жергиликтүү бийлик жана коомдук уюмдар биргеликте аракет кылуусу үчүн шарттарды түзүү маселелери талкууланды.
Бишкекте уюштурулган форумга бүгүн шаардын 47 жаңы конушунан 500гө чукул делегат катышты. Мындай форум февраль ичинде бардык облустарда уюштурулганы жатат.
ИИМдин маалыматы боюнча, 2014-жылы өлкөдө балдарга карата колдонулган зордук-зомбулуктардын саны 900гө жеткен. 2015-жылдын январь айында эле жашы жете элек балдарды зордуктоо боюнча бир нече фактылар катталып, коомчулуктун талкуусун жараткан эле.(AzK)