Кыргызстанда 4-февралда түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде кар жаайт, күндүз кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз -1...+4
Таласта түнкүсүн -16...-21, күндүз -2...+3
Ош, Жалал-Абад облусунда -түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...5
Баткенде түнкүсүн-7...-12, күндүз 0...5
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз -4...+1
Нарында түнкүсүн -18...-23, күндүз -7...-12
Бишкек шаарында кар жаабайт, туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн -7...-9 градус, күндүз 1...3 градус болот.