НАТОнун басма сөз өкүлү бүгүн билдиргендей, башкатчы Йенс Столтенберг Сергей Лавров менен 6 -февралда Мюнхенде, коопсуздук маселеси боюнча жыл сайын өтүүчү конференцияда кездешет.
Бул НАТОнун башкатчылыгына былтыр 1-октябрда келген Столтенбергдин орус тышкы иштер министри менен алгачкы жолугушуусу болот.
Орусиянын Крымды аннексиялоосу жана Украинадагы куралдуу жаңжал Москва менен НАТОнун мамилесиндеги чыңалууну Кансыз согуш доорунан берки эң жогорку деңгээлге көтөрдү.
БУУнун бүгүнкү маалыматына караганда, Украинанын чыгышында былтыр апрелдин ортосунда тутанган уруштарда өмүрү кыйылгандар саны 5358 кишиге жетти. (UE)