Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:25

ИМ туткундагы иордан учкучу тирүү өрттөлгөнү боюнча видео таратты


Соңку күндөрү иордан учкучу Муат ал-Касеасбех камактагы жихадчы Сажида ал-Ришавиге алмаштырылары айтылып жаткан.
Соңку күндөрү иордан учкучу Муат ал-Касеасбех камактагы жихадчы Сажида ал-Ришавиге алмаштырылары айтылып жаткан.

Интернет аркылуу таратылган видеодо иорданиялык учкуч Муат ал-Касеасбех деп айтылган адам кара металл тордун ичинде өрттөлгөнү тартылган.

Касеасбехтин туугандары да иордан армиясы 3-февралда аларга учкуч өлтүрүлгөнү тууралуу кабар беришкенин ырасташты.

Иордан учкучу былтыр декабрда Сирияда, учагы согушкерлер көзөмөлдөгөн аймакта кыйраган кезде колго түшкөн.

Дүйшөмбү күнү иордан өкмөтү учкуч Муат ал-Касеасбехти аларда өлүм жазасына кесилген ирактык “ал-каидачы” Сажида ал-Ришавиге алмаштырууга даяр экендиктерин дагы бир жолу ырасташкан болчу.

Мурдараак “Ислам мамлекети” тобу ал-Ришавини 29-январга чейин бошотууну талап кылган. Бирок учкучтун аман-эсендигин далилдеген видео көрсөтүшкөн эмес.

Иордания - “Ислам мамлекети” тобуна каршы аба соккуларына араб дүйнөсүнөн катышкан өлкөлөрдүн бири. (UE)

XS
SM
MD
LG