Иордан армиясынын басма сөз өкүлү Мамдух ал-Амири "Ислам мамлекети" радикал тобунан алына турган өч кылмыштын өзүнө тете болорун убада кылды.
Падыша Абдалла АКШдагы сапарын кыскартып, мекенине кайтты.
АКШ президенти Барак Обама эгер "Ислам мамлекети" тобу тараткан видео чын болсо, бул алардын "жапайылыгын" көргөзгөн дагы бир далил экенин белгиледи.
"Ислам мамлекети" тобу 3-февралда кечке жуук интернет аркылуу тараткан видеодо иорданиялык учкуч Муат ал-Касеасбех деп айтылган адам темир тордун ичинде тирүүлөй өрттөлгөнү тартылган.
Касеасбехтин туугандары да иордан армиясы 3-февралда учкуч өлтүрүлгөнү тууралуу кабар беришкенин ырасташты.
Учкуч былтыр декабрда Сирияда учагы согушкерлер көзөмөлдөгөн аймакта кыйраган кезде колго түшкөн эле.
Иордания “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы аба соккуларына араб дүйнөсүнөн катышкан өлкөлөрдүн бири. (UE)