Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

Ош милициясы “Хизб-ут Тахрирдин” активдүү мүчөсү кармалганын билдирди


"Хизб-ут Тахрир" партиясынын "Ал-ваъй" журналы.
"Хизб-ут Тахрир" партиясынын "Ал-ваъй" журналы.

Аксы районунун 37 жаштагы тургуну Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” уюмунун активдүү мүчөсү катары шектелип, Ош шаарында колго түштү. Анын убактылуу жашап жаткан үйүнөн партиянын чакырыктары өзбек жана кыргыз тилдеринде жазылган китептер, дисктер жана флешкалар табылган. Экспертиза алар экстремисттик мүнөздөгү адабияттар экенин тастыктады. Иликтөө иштери уланууда.

3-февраль күнү Оштон “Өзбекстан ислам кыймылы” уюмунун мүчөсү деп шектелген 26 жаштагы жергиликтүү тургун да кармалган болчу. Анын үйүнөн куралдар жана экстремисттик таратма барактар табылган. Тергөө учурунда ал куралдарды таанышынан сатып алганын, экөө жакында аймакта жихад кылуу аракетин көрүп жүргөнүн айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG