Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:53

Ат-Башыда 15 күндүк наристени таштап кеткендер изделүүдө


Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Алмагүл Калиеванын бүгүн “Азаттыкка” билдиришинче, ымыркайды таштап кеткендерди издөө иштеринен азырынча майнап чыга элек. Маалыматка караганда, 27-январга караган түнү райондун бир тургуну Нурлан Осмоновдун үйүнүн алдына белгисиз бирөөлөр ымыркай кызды таштап кетишкен. Ушул тапта анын ден соолугу чың, бирок 15 күндүк ымыркайдын ата-энеси ким экени дале белгисиз.

Ат-Башыда акыркы жылдары мындай окуя биринчи жолу болуп жатканы айтылууда. (MiR\AzK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG