Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:55

Баткенде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришинче, 1985-жылы туулган С. Нурдин аттуу жаран адам уурдоону уюштурган деп шектелүүдө. 2014-жылдын август айында ал Лейлек районунун тургунун Исфана шаарынан уурдап кетип, туугандарынын 250 миң сом талап кылган. Туугандары акчаны банк аркылуу которуп берген соң, туткундагы адам бошотулган. Ушул тапта бул жарандын кайсы уюшкан кылмыш тобуна тийиштиги бар экени такталууда.

Кылмышка шектүү мурда дагы опузалап акча талап кылганы үчүн соттолгону белгилүү. (AzK)

XS
SM
MD
LG