Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Сонун Отомбаевдин билдиришинче, ушул тапта канал казылып, анын түбүн бетондоо иштери жүрүп жатат.
Селаранын курулушу менен таанышкан вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев каналдын курулушун сел жүрө турган мезгилге чейин бүтүрүү зарылдыгын билдирип, керектүү каражатты табуу маселесин караштырарын билдирди.
Каналдын жалпы сметалык баасы 92 миллион 689 миң сомду түзөт. Ал 6 гидротехникалык курулмадан турат жана узундугу 2 километрден ашык. Базар-Коргон районуна караштуу Сейитказы айылындагы селден коргоочк каналды куруу иши 2013-жылы башталган.(AzK)