Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Кыргызстанда рак илдетине кабылган 25 миңдей адам бар


Бул туурасында “Азаттыкка” “Эргене” коомдук фондунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекова билдирди. Анын айтымында, ашказан рагы менен ооругандардын 70 пайызы ооруканага өтө кеч кайрылат. Ашказан рагы гастрит, ашказандагы жана он эки эли ичегидеги жаранын күчөп кетишинен жана тамеки чегүүнүн кесепетинен улам пайда болот.

Аялдар арасында эмчек менен жатын моюнчасынын рагы көп катталат.

Кыргызстанда 2013-жылкы көрсөткүч боюнча рак оорусу диагнозу менен жашагандар 25 миң кишини түзөт. Ушул эле 2013-жылы бул ооруга биринчи жолу чалдыккандардын саны 5000 кишиден ашкан. Алардын 58,1 пайызы оору өтүшүп кеткен учурда кайрылгандыктан диагнозу коюлгандан кийин бир жылдан соң каза болушкан.

4-февраль – эл аралык ракка каршы күрөшүү күнү. Буга карата Кыргызстанда рак илдетине каршы бир айлык жаряланды. Ал 4-мартта аяктайт. (AzK)

XS
SM
MD
LG