Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:03

Кыргызстан сентябрга чейин 95 пайыз санарип берүүгө өтөт


Бул туурасында “Азаттыкка” маданият жана маалымат министринин орун басары Айнура Темирбекова билдирди. Анын айтымында, Женевада кол коюлган келишимге ылайык, быйыл 17-июнга чейин өлкөнүн чек аралаш аймактарында аналогдук берүүлөр өчүрүлүп, санариптик берүүгө өткөрүлөт. Бир социалдык пакетке 15 канал киргизилет. Ушул тапта Социалдык өнүктүрүү министрлиги санариптик берүүлөрдү көрүү үчүн зарыл болгон жабдууну калктын жакыр катмарына бекер алып берүү жагын карап жатат. Алардын тизмеси такталууда.

Санарипке өтүү жараяны үчүн өкмөт 200 миллион сом каражат бөлгөн. Анын 100 миллиону 8 каналга 10 миллион сомдон бөлүнүп, керектүү жабдууларды сатып алууга жумшалган. Калган 100 миллион сом контент толтуруу үчүн каралган. (AzK\UEz)

XS
SM
MD
LG