Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:30

Евробиримдик Украинанын чыгышындагы ок атууну токтотууга чакырды

Европа биримдигинин тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерини Украинанын чыгышындагы зордук-зомбулукту токтотууга чакырды. Ал ЕККУнун катуу салгылаш жүрүп жаткан Дебальцево шаарында кеминде үч күн ок атууну токтотуп, жарандардын шаардан чыгып кетишине мүмкүнчүлүк берүү демилгесин колдоду.

Могерини билдирүүсүндө жөн-жай тургундар жашаган аймакты аткылоо эл аралык гуманитардык укукту одоно бузуу экенин эскертти.

Евробиримдик комиссары абалды курчутуп жатат деп орусиячыл жикчилдерди айыптады.

Ал ортодо акыркы атышуу маалында Донецктеги 27-шаардык оорукана артиллериялык чабуул алдында калды. Анын натыйжасында, каза болгондор бар экени айтылууда.

Акыркы суткада атыштан облус аймагында үч тургун каза болуп, сегизи жараат алды.

​
XS
SM
MD
LG