Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

Чыккынчылыкка айыпталган Давыдова үйүнө келди


Чыккынчылыкка айыпталган жети баланын энеси Светлана Давыдова камактан бошотулуп, Вязьма шаарындагы үйүнө келди. Ал шейшембиде Москвадагы Лефортово тергөө абагынан эч жакка кетпөө жөнүндөгү тил каттын негизинде бошотулган. 36 жаштагы Давыдованын жети баласы, анын ичинде эмчектеги эки айлык ымыркайы бар. Аны орус бийликтери мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып менен 21-январда камакка алышкан.

Сот аялды 19-мартка чейин абакта кармоо чечимин чыгарган. Интернетте 40 миңге чукул адам кол топтоп, президент Путинге кат жолдошуп, көп балалуу энени абактан чыгарууга чакырышкан болчу.

Орусиянын тергөө органдарынын божомолунда, Давыдова 2014-жылдын апрелинде Украинанын элчилигине чалып, анын үйүнөн алыс эмес жайгашкан аскер бөлүктүн жоокерлери Донбасска жөнөтүлгөн болушу мүмкүндүгүн кабарлаган.

Ал күнөөлүү деп табылса, 20 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG