“Кыргыз чоролору” кошуунун мүчөлөрү Токмок, Кербен жана Талас шаарларында айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы бүгүн, 5-февралда нааразылык акциясын өткөрүшөт.Топтун жетекчиси Замир Көчөрбаев “Азаттыкка” билдиргендей, алардын сойкулукка каршы жүргүзүп жаткан аракеттерин журналисттер “адам укугун бузуу, маскаралоо” катары көрсөтүп жатканы кошуундун жактоочуларынын нааразылыгын жаратууда. Ушул эле багытта бүгүн Бишкекте журналисттерге маалымат жыйыны да уюштурулат.
Өздөрүн өлкөнүн мекенчил атуулдары санаган “Кыргыз чоролору” кошууну бир канча жолу өз алдынча рейд уюштуруп, оюн-зоок жайлардагы абалды тасмага тартып, коомчулукка жарыялаган. Ошондой эле андагы сойкулук менен алектенген кыздарды милицияга өткөрүп берген. Күч органдары алар бул аракети менен милицияга жардам берип жатканын, бирок рейд жүргүзүү үчүн мыйзам түрүндө уруксат алуу зарылдыгын белгилеп келет. (SE)