Ош облусунун Алай районунда кечээ күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Гүлчө айылынан 15 чакырым аралыкта болгон.
Бул тууралуу Сейсмология институтунан кабарлашты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жапа чегүүлөр жана кыйроолор жок. (ZMa)