Парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Ыргал Кадыралиева Ош аэропортунда ири көлөмдөгү акчаны карактоого шектелген адамга карата кыйноо колдонулганын билдирди.
Депутат кылмышка шектүүлөр колдонгон сим-карта өткөн жылдын декабрь айынын ортосунда маркум агасы Санжарбек Кадыралиевдин атына катталганын, бул анын үй-бүлөсүнө көө жабуу максатында жасалганын кошумчалады.
Ыргал Кадыралиеванын агасы Санжар Кадыралиев Жогорку Кеңештин өткөн чакырылышында "Ак жол" партиясынан депутат болчу. 5 жыл мурда аны белгисиз бирөөлөр үйүнүн жанынан атып кетишкен.
Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, өткөн жылы Ош аэропортундагы карактоого шектүү катары он киши аныкталып, төртөө кармалды. Алардын бирөө Баткен облусунун мурда соттолгон тургуну болуп чыкты. (ZMa)