Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:31

Көркөм кеңешти жандандыруу демилгеси козголууда


Бүгүн Маданият жана маалымат министрлигинин кеңейтилген жыйынында коомчулукка тартууланып жаткан чыгармаларды тескей турган Көркөм кеңешти жандандыруу идеясы кайрадан көтөрүлдү.

Өз сөзүндө вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева “учурда сахнага билими жок ырчылар чыгып, коомчулуктун көркөм табитин бузуп жатат. Биз бул багытта атайын пландарды иштеп чыгып, керек болсо Кытайдагыдай концерттердин программасын коопсуздук кызматы карагандай шартты да ойлонуп көрүшүбүз керек”, - деди.

Көркөм кеңеш идеясы 2012-жылы министр Ибрагим Жунусовдун учурунда да көтөрүлүп, ал чыгармачыл чөйрөдө кызуу талкууну пайда кылган. (ZA)

XS
SM
MD
LG