АКШ Мамлекеттик катчысынын украин президенти менен сүйлөшүүлөрү Вашингтон Украинага курал бербөө боюнча саясатын кайра карашы мүмкүн деген маалыматтар айтылып жаткан учурда өтүүдө.
Вашингтон буга чейин Украин армиясына түнкү көз айнектер, байланыш радиолору өңдүү адам өмүрүнө залал келтирбей турган жабдууларды гана берип келген.
Президент Обама коргоо министринин кызматына көрсөткөн Эштон Картер ал Киевге курал жөнөтүлүшүнө каршы эместигин ачыктады. Ал бул тууралуу кечээ Сенаттын аскерий иштер боюнча комитетинде сүйлөгөн учурунда билдирди.
Украин президенти Порошенконун буга чейинки сөздөрүнө караганда, армия жикчилердин чабуулунун мизин кайтаруу үчүн куралга муктаж болуп турат.
Кечээ козголоңчулар колундагы Донецк шаарында, оорукана имаратына снаряд тийгенде кеминде төрт киши каза тапты.
Жалпысынан Украинанын чыгышында былтыр апрелден берки уруштарда 5350дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды. (UE)