Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

Бекмамат Осмонов "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамына көрсөтүлдү


Бекмамат Осмонов (архивдик сүрөт)
Бекмамат Осмонов (архивдик сүрөт)

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында мамлекеттик ишмер Бекмамат Осмоновду “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген эң жогорку даражага көрсөтүү жөнүндө” токтом долбоору кабыл алынды. Тиешелүү комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев мындай демилгени 9 депутат кол коюп, сунуштап жатканын маалымдап, Бекмамат Осмоновдун өмүр таржымалына кыскача токтолду. Анда анын жетекчилиги менен учурунда Жалал-Абад, Ош облустарында көптөгөн социалдык-маданий объектилер курулганы, миңдеген гектер жерлер өздөштүрүлгөнү жана Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты катары мамлекеттүүлүктү чыңдоого багытталган бир катар мыйзамдардын демилгечиси болгону айтылды.

1997-жылы октябрда Бекмамат Осмоновго Москвада жүрөк оорусуна байланыштуу операция жасалып, 52 жашында дүйнөдөн кайткан.

XS
SM
MD
LG