Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:01

ЭВК: Экономикалык активдүүлүк 2015-жылы да төмөндөйт


Эл аралык валюта корунун миссиясынын жетекчиси Эдвард Жемайел 2014-жылы башталган экономикалык активдүүлүктүн төмөндөөсү ушул жылы да уланарын, буга ички жана регионалдык факторлор таасирин тийгизээрин айтты. Бул тууралуу анын 21-январдан 29-январга чейин Бишкектеги сапарынын соңунда жасаган билдирүүсүндө айтылат.

"Бул жылы алтын өндүрүшүнүн көлөмү кыскарат. Орусиядагы улам тереңдеп бараткан экономикалык кризис мигранттардан акча которууларды, сооданы жана ички суроо-талапты кармап турат. Натыйжада өсүш ыргагы 1,7% чейин төмөндөйт деп күтүлүүдө", - деп белгилеген миссия башчысы. (ZMa)

XS
SM
MD
LG