Бүгүн Улуттук госпиталдын жанынан ара төрөлгөнү божомолдонгон эки ымыркайдын сөөгү табылды. Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев "Азаттыкка" билдиргендей, аларды кара жылтырак баштыкка ороп, ооруканага жакын жерге таштап кетишкен. Алдын-ала маалыматтар боюнча, бөбөктөр тирүү төрөлгөн, бирок суукка тоңуп калган болушу мүмкүн.
Окуя боюнча Биринчи май райондук милициясы кылмыш ишин козгоп, ымыркайлардын энесин издөөгө киришти. Балдардын денеси соттук медициналык экспертизага жиберилди. (SE)