Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Кадыралиева агасына байланыштуу чууну текшерүүнү талап кылууда


Ыргал Кадыралиева
Ыргал Кадыралиева

Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева Ош аэропортунда ири көлөмдөгү акча карактоого шектелгендер колдонгон сим-карта анын агасы, маркум Санжар Кадыралиевдин наамына кандайча катталып калганын териштирүүнү талап кылууда.

Депутат муну анын үй-бүлөсүнө каршы жасалып жаткан көрө албастык катары сыпаттады. Анын айтымында, бул дагы бир тууганы Канжар Кадыралиевге козголгон кылмыш ишти ачуу үчүн милиция колдонуп жаткан атайын ыкма болушу да мүмкүн. Кадыралиева муну дыкат иликтөөгө алууну УКМКдан, ИИМден, Башкы прокуратурадан өтүндү.

Ош аэропортунан 27-январда ири көлөмдөгү акча карактоого шектүүлөр колдонгон сим-карта өткөн жылдын декабрь айынын Санжар Кадыралиевдин атына катталганы мурдараак кабарланган болчу.

Милициянын маалыматы боюнча, карактоого шектелген он киши аныкталып, төртөө кармалды. (SE)

XS
SM
MD
LG