Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев дүйнө салды


Жоомарт Кадыралиев
Жоомарт Кадыралиев

Кыргыз эл сүрөтчүсү, үчүнчү даражадагы “Манас” орденинин, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Жоомарт Кадыралиев оорудан улам бүгүн кайтыш болду. Сөөгү 7-февраль күнү өзү туулган айылга коюлат.

Маркумдун эң ири эмгектеринин бири катары 1995-жылы Таласта курулган “Манас” этногрофиялык комплексинин эскизи саналат. Ал сүрөтчүлүк өнөрүн негизинен Манас темасын тереңдетүүгө арнаган. Ошондой эле обон жазуу менен да алектенген.

Ал 1946-жылдын 18-июлунда Чүйдүн Жайыл районундагы Сары-Булак айылында туулган. 1966-жылы Фрунзе көркөм-өнөр окуу жайын, андан соң Москвадагы Суриков атындагы көркөм-сүрөт институтун аяктаган. (SE\ZA)

XS
SM
MD
LG