Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:27

АКШ президенти Далай Лама отурган жыйында сүйлөдү


Далай Ламанын жактоочулары ал келген жерге чогулушту. Вашингтон, 5-февраль, 2015-жыл.
Далай Ламанын жактоочулары ал келген жерге чогулушту. Вашингтон, 5-февраль, 2015-жыл.

Вашингтондо бүгүн “эртең мененки сыйынуу тамагы” деп аталган иш-чарада диний эркиндиктин мааниси тууралуу сүйлөп жатып, президент Барак Обама Тибеттин сүргүндөгү диний лидерин “жакшы дос” жана “боорукерликке шыктандыруучу” деп атады.

Мындан үч күн мурда Кытай АКШга Далай Лама менен кайсыл өлкөнүн расмий өкүлү “кандай формада болбосун” жолугушуусуна каршы экенин эскерткен.

Ак үй Тибеттин сүргүндөгү лидеринин Вашингтондогу сапары учурунда Обама менен атайын жолугушуусу мерчемделгени тууралуу эч нерсе айткан жок.

АКШ президенти Далай Лама менен буга чейин үч ирет кездешкен. Акыркы түз сүйлөшүү былтыр февралда болгон.

Бээжин Далай Ламаны Тибетти Кытайдан ажыратып кетүүнү көздөгөн ишмер катары айыптайт. Ал эми Далай Лама Тибет үчүн болгону автономияны гана кааларын, кыянатчыл иштерди колдобосун айтып келет. (UE)

XS
SM
MD
LG