Германиянын каржы министри Вольфганг Шойбле грек кесиптеши Янис Варуфакис менен Берлиндеги бүгүнкү сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгын “макулдашпоону макулдаштык” деп мүнөздөдү жана Грециянын карызын кечүү маселеси күн тартибинде жоктугун баса белгиледи.
Грек министри Берлинге расмий Афинанын карызды төлөө тартибин кайра кароо, үнөмдөө чараларын токтотуу планына колдоо издеп келген эле. Бирок тараптар тил табышканга чейин али көп убакыт бардай.
Германия грек өкмөтүн банкроттуктан сактоо боюнча беш жылдык программага эң ири салым кошкон жана Афина үчүн катаал фискалдык тартиптин бекем колдоочусу.
Грециянын жаңы өкмөтү мунун айынан өлкө экономикалык депрессияга кептелип, кирешелер кыскарып, жумушсуздук күчөгөнүн айтууда.
Жакында парламенттик шайлоодо жеңген солчул СИРАЗА партиясы жана анын лидери Алексис Ципрас элге өлкөнүн 318 миллиард евролук карызын төлөөнүн шарттарын кайра сүйлөшүүнү, башкача айтканда, карыз жүгүн жеңилдетүүнү, атүгүл 50% кечүүгө жетишүүнү, айлык –пенсияларды көтөрүүнү, иштен кыскартууларды, мамлекет колундагы мүлктү менчиктештирүүнү токтотууну убада кылган. (UE)