Бул тууралуу бүгүн “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгүнүн жыйынында билдирди. Анын айтымында, ири суммадагы карактоолордун көбөйүшү буга айкын мисал.
- Ош аэропортундагы карактоого саясатчылардын, күч түзүм башчыларынын канчалык деңгээлде тиешеси бар экени текшерилиши керек, - деди Текебаев.
Жыйынга катышып жаткан ИИМ башчысы Мелис Турганбаев мындай дооматтарды четке какты. Ал аэропорттогу карактоо боюнча 4 адам кармалып, жоголгон акчанын бир миллиону табылганын айтты. Министрдин маалыматы боюнча, карактоого шектелгендердин экөө казак жараны жана кылмышкерлерди издөө иши учурда Казакстанда да жүрүп жатат.
Өткөн жылдын 27-декабрында беткапчан жана куралчан белгисиз адамдар аэропорттун VIP залынан бир кишини беш сумкасы менен кошо алып кеткен. Уурдалган адамдын колундагы баштыктарда 5 миллион 679 миң доллар болгону тергөөдө ачыкка чыккан. Кийинчерек акчанын суммасы 10 миллион доллардан ашуун экени айтылган. (EBm/UEz)