Бул тууралуу ”Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева билдирди. Анын айтымында, жыл сайын 300гө жакын кыргыз мигранты Орусиянын аймагында ар кандай себептерден улам каза табат.
2013-жылы Кыргызстанга Орусиядан 200дөн ашык мигранттын сөөгү алынып келинсе, 2014-жылы бул сан 280ге жеткен. Маркумдардын жол чыгымдары үчүн жылына 2 млн. сомго жакын акча бөлүнөт. Өкмөттүн токтомуна ылайык, авиакомпаниялардын ичинен “Кыргызстан” жана “Эйр Бишкек” гана 200-жүктү акысыз алып келет. (UEz)