Коомдук телеканалдын башчысынын милдетин Илим Карыпбеков убактылуу аткарып турат. Бул тууралуу азыр өтүп жаткан КТРК байкоочу кеңешинин жыйынында белгилүү болду. Илим Карыпбеков аталган байкоочу кеңештин төрагасы.
Мунун алдында байкоочу кеңеш КТРК башкы директору Султан Жумагуловдун кызматтан өз ыктыяры менен кетүү боюнча арызын кабыл алган. Бул жыйында телеканалдын баш директорунун орун басары Кубат Болотканов да 22-январда эле кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы белгилүү болду.
КТРКнын башчысын байкоочу кеңеш шайлайт. Султан Жумагулов бул кызматка былтыр 23-ноябрда шайланган эле. Мыйзамга ылайык, байкоочу кеңеш эми кайра шайлоо жарыялап, талапкер тандашы керек.