Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Иордан учактары "Ислам мамлекети" уюмуна сокку урду


Иорданиянын согуш учактары бейшембиде “Ислам мамлекети” тобунун Сириядагы буталарына сокку урду. Кийин пилоттор согушкерлердин колунан ажал тапкан кесиптешинин туулган шаарынын үстүнөн айланып, маркумга таазим этишти.

Куралдуу күчтөрдүн билдирүүсүндө ондогон учак катышкан чабуулдан “Ислам мамлекети” уюмунун курал-жарак кампалары жана машыгуу жайлары талкаланганы айтылат. Ошол эле күнү падыша Абдалла согушкерлер өлтүргөн учкучтун үй-бүлөсү менен жолугушту.

Өткөн жылдын этегинде туткунга алынган Муаз ал-Касасбаны согушкерлер тирүүлөй өрттөп жибергени тартылган видео бир нече күн мурун жарыяланган.

Иорданиянын тышкы иштер министри соңку чабуул согушкерлерге жооп кайтаруунун башаты гана деп CNN каналына билдирди.

XS
SM
MD
LG