Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушту. Жолугушууда тараптар отун-энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, соода-экономикалык кызматташууну тереңдетүү тууралуу сүйлөштү. Кыргыз-орус өкмөт башчылары Орусиядагы эмгектенген кыргыз жарандарынын абалына байланышкан маселелерди да талкуулашты.
Өкмөт башчы Оторбаев учурда Орусияда иш сапары менен жүрөт. Ал Евразиялык өкмөт аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышып жатат. (UEz)