Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Москвада адам уурдоого шектүү кыргызстандыктар кармалды


Москвада 25 жаштагы кызды барымтага алып, жакындарынан акча талап кылган деп шектелген топ кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиев билдирди. 30-январда ИИМдин өкүлчүлүгүнө Элиза аттуу кыргыз жараны дайынсыз жоголгону тууралуу арыз түшкөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө аны үйдөн чыгып бара жатканда эки кыргыз кыз чакырып, машинага салып кеткени аныкталган. Андан соң барымтадан бошотуу үчүн жакындарынан 300 миң рубль талап кылынган.

Москвадагы ИИМдин өкүлчүлүгү Орусиянын полициясы менен бирдикте атайын операция жүргүзүп, адам уурдоого шектүү тогуз кишини кармашкан. Барымтадагы аял бошотулган. Кармалгандардын сегизи Кыргызстандын жарандары, бирөө Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандык. Тергөө уланууда. (LzT)

XS
SM
MD
LG