Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:02

Казакстандын бир айылында тополоң чыкты


Түштүк Казакстан облусундагы Сарыагач районундагы тополоң маалында бир нече машине өрттөлүп, бир нече үйгө зыян келтирилди. Полициянын маалыматына ылайык, жарадар болгондор жок. Окуя болгон жерге тартип коргоочулардын кошумча күчтөрү жиберилди. Маалыматтарга караганда, азыр абал тынч. Тополоң Бостандык айлынын тургуну Бакытжан Артыков бычак жеп каза болгондон кийин тутанган. Кылмыш үчүн шектелген айылдашы учурда изделип жатат. Ички иштер бөлүмүүн өкүлдөрү алар чарба маселесинен улам талаша кетишкенин айтышууда. Адам өлтүрүү жана андан кийинки тартип бузуу иштери полициянын атайын көзөмөлүнө алынды.

XS
SM
MD
LG