Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Медина Султангазиева билдирди. Анын айтымында, 30-35 жаштагы жарандын суукка тоңгон денеси 1-февралда табылган. Учурда маркумдун кимдиги такталып, соттук медициналык экспертиза жүрүп жатат.
Мындан 2 ай мурда Ат Башы айылынан да суукка тоңуп бир адам каза тапкан. Синоптиктердин билдиргенине караганда, учурда Нарында түнкүсүн 30 градустан ашкан суук болуп жатат. (MiK)