Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:01

Германия Ирактагы күрт аскерлерине жардамды көбөйтөт


Германиянын Коргоо министрлиги “Ислам мамлекети” уюмунун Ирактагы согушкерлерине каршы күрөшүп жаткан күрттөрдүн пешмерга жоокерлерин көбүрөөк курал-жарак менен камсыздарын билдирди.

Канцлер Ангела Меркел менен Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абадинин Берлиндеги жолугушуусунан кийин белгилүү болгондой, бериле турган жардамдын жалпы суммасы 13 миллион евро. Өткөн жылы Германия Иракка берген аскердик жардам 70 миллион еврого барабар болгон. Бул ирет 30 даана ракета аткыч жана 500 ракета, 4 миңдей мылтык, танкттарга каршы 203 граната аткыч жана 10 брондолгон машина жөнөтүлмөкчү.

Абади эки өлкөнүн чалгындоо кызматтарынын кызматташуусу радикалдардын катарында согушуп жүргөн чет өлкөлүк жарандарды аныктоого жардам бергенин белгиледи.

- Ирак Берлиндин жана “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүп келаткан коалициянын башка мүчөлөрүнүн көмөгүнө муктаж, - деди премьер Хайдар ал-Абади.

Абади Мюнхендеги коопсуздук конференциясына катышууда.

XS
SM
MD
LG